У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


«Centerra Gold» (Кумтөр) президенти Скотт Перринин айлыгы 382 МЛН. сом экен…


Блогер Афтандил Жоробеков өзүнүн фейсбук баракчасына «Centerra Gold (Кумтөр) президенти Скотт Перри, 2018- жылы 4.5 млн доллар кыргыз сомуна айландырганда 382 МЛН. сом 1 жылдык маянасын алыптыр» деп жазды.
Ошондой эле, «Centerra Gold Директорлор Кеңешинде отурган Кыргыз мамлекеттин өкүлдөрү Скотт Перринин айлыгын эмне үчүн түшүрбөйт», - деген суроо койду… 

Ырасында, аябай актуалдуу, маанилүү маселени козгоду. Ошондо Скотт Перри бир жылда 382 миллион доллар алса, аны ар бир айга бөлсөк, айына дээрлик 32 миллион сом, доллар менен алганда азыркы курс менен 400 миӊ доллар алат экен.

Ал эми биздин врачтардын, мугалимдердин маянасы ортодон жогору 10 миӊ сом болсо, Скотт Перри ошондо 3 200 мугалимдин же врачтын бир айлыгын бир айда алат экен.

Мына коронавирустун кесепетинен Кыргызстандын экономикасы 40 миллиард сомго чейин жоготууга учураары айтылып жатат. Президент Сооронбай Жээнбеков учурда коронавирустун залакасын жумшартуу, социалдык-экономикалык оорчулуктан чыгуу үчүн Ислам өнүктүрүү банкынан, Дүйнөлүк банктан, Европа биримдигинен, Азия өнүктүрүү банкынан, Эл аралык валюта фондунан жардам сурап жүрөт.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter