У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Министрлер кабинети көмүрдүн баасын арзандатууга тапшырма берди


Мамлекеттик органдарга экинчилик рынокто, башкача айтканда, акыркы керектөөчү үчүн көмүрдүн баасын төмөндөтүү тапшырмасы берилди. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Кеңешбай Тайлаков бүгүн маалымат жыйынында билдирди.
 
Анын айтымында, күз-кыш мезгилин өткөрүү маселеси боюнча министрлер кабинетинин жыйыны өттү. Анда көмүр базарындагы абал да талкууланды.
 
«Ал жерде абалды турукташтыруу боюнча Ички иштер министрлигине, Монополияга каршы мамлекеттик агенттикке, «Кыргызкөмүр» ишканасына тапшырма берилген. Бул багытта ишибизди күчөтөбүз”,-деди Кеңешбай Тайлаков.
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter