Кара-Кече көмүр кенинде абал турукташып, көмүр казуу иштери улантылууда
- 12.10.2020, 13:16,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Нарын облусунун Жумгал районундагы Кара-Кече көмүр кенинде абал турукташты. Учурда көмүр казуу иштери жүрүп, кызматкерлер штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын басма сөз катчысы Жийдегүл Зоотбекова 12-октябрда билдирди.
Анын айтымында, ушул тапта Кара-Кече кенинен бир суткада орто эсеп менен 3500 тонна көмүр чыгарылып жатат. Күн сайын 150-170 машине «Борбордук» участогунан көмүр ташууда. Азыр 270 000 көмүр казылып, жүктөөгө даяр турат.
Зоотбекованын маалыматына караганда, кенде жумушчулар күнү-түнү иштеп жатышат. Кенге алып барган убактылуу жолдо транспорттун өтүшү үчүн кооптуу аймак дагы эле бар.
Эске салалы, Бишкекте парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына карата нааразылык акциясынан 6-октябрга караган түнү массалык тополоң менен аяктагандан кийин ошол күнү Кара-Кече көмүр кенин топ киши басып алган.