У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Сыймык Жапыкеев Садыр Жапаровдон Аспековду бошотууну суранды


Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын мурдагы төрагасы Сыймык Жапыкеев камактагы активист Мелис Аспеков боюнча президент Садыр Жапаровго кайрылды.
 
Анын айтымында, аны Аспеков менен эч нерсе байланыштырбайт, ал Түптө Жапаровдун апасын акыркы сапарга узатуу зыйнатында жолуккан.
 
«Урматтуу Садыр Нуркожоевич, урматтуу Президент. Сизге түн ортосунда 02:30 чамасында уктабастан кайрылууну туура көрдүм. Менин Мелис Аспеков менен мамилем деле жок. Ушул жигит менен сиздин апаӊыз кайтыш болгондо Түптө таанышкам. Сизди дайыма мактап жүргөн, биринчи колдоочуларыңыздан, партиялашыңыздан эле. Мени бир нече жолу “Мекенчил” партиясына чакырган. Ошондон кийин аны менен митингдерде гана жолугуп калдым, акча, бийлик жөнүндө сүйлөшкөн эмеспиз. Октябрь окуясында сизди абактан чыгаруу үчүн көп аракеттерди жасады. Ал сиз менен бир ай жүргөндөн кийин, Дашковдон 250 миң доллар алып жаткан жеринен кармалганын билдим. Бул чындап кандай болгонун билбейбиз», - деп жазат Жапыкеев.

Сыймык Жапыкеев


9 ч.  · 

Урматтуу Садыр Нуркожоевич,  урматтуу Президент. Сизге тун ортосунда 02:30 чамасында уктабастан кайрылуу кылууну туура кордум. 
     Мен Мелис Аспеков менен мамилем деле жок, мен ушул жигит менен сиздин апаныз кайтыш болгондо Туптон похорондон таанышкам. Сиз жонундо сизди мактап бутпойт эле, сиздин ээн биринчилерден тарапташыныз, ининиз, партиялаш, жакшы саналаш катары билчумун. Мени Бир нече жолу Мекенчил партиясына чакырган. Болду андан башка митингдерден эле корчумун. Акча, бийлик тууралу эч суйлошконда эмеспиз. Мени сыйлайм деп калчу. Башка ортобузда Бир доллар ойногон эмес. 
       Былтыр революция куну ээн чырылдаган ушул жигит эле, сизди турмодон чыгарыш учун абдан чоон мээнет кылганын билем. Жанынызда бир айга жакын журду, анан эле камалды 250 мин Дашковтон алды деп камалганын уктум, интернеттен кордук. Чынында кандай боогонун билбейбиз.
Бирок, 250 алган куну деле, акча келтирилген ущерб нак тергоодо туратда, жоголгон жок. Бир тагдырдын астында эмне? Ден соолугу нервтин айынан ото начарлап кетти деген маалыматты ютубтан кордум. 
      Менин жеке оюм, Урматтуу Садыр ава, Садыр Нуркожоевич отунот элек, ушул жигитке жаман болду турмодо, турмодо жылан жатпасын Мелиске ырайым корсотунуз, камактан чыгарып берсениз туура болмокко деген ойдобуз. Менимче Мелис Аспеков  жаман жигит эмес. Кандай болгон кунуда бул Сиз учун мени менен да телефондон катуу урушканбыз. 
     Турмодо жатып чарчап калса балдары уйбулоосуно убал. Ырайымдуулук, кечиримдуулук, айколдук корсотунуз Урматтуу Садыр Нуркожоевич. Уйкамагына чыкса дурус болот эле.





Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter