Таалайбек Апенов ээлеген кызматынан бошотулду
- 26.10.2021, 12:46,
- Саясат / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Апенов Таалайбек Бекболотович Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Ырайым кылуу боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы кызматынан бошотулду.
Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Апенов бул кызматка 2021-жылдын май айында дайындалган.
Эске салсак, Апеновду УКМК кызматкерлери аны 18-октябрда пара алуу фактысы боюнча кармашкан.