Ырайым берүү боюнча комиссиянын жооптуу катчысы Апенов Таалайбек пара менен кармалды
- 19.10.2021, 12:08,
- Башкы / Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
УКМК Президенттин администрациясынын Ырайым берүү боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы А.Т.Б.ны пара алып жаткан жеринен кармады.
УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, Апенов жаран С.Н.дан соттолгон адамды ырайым кылынуучу адамдардын тизмесине киргизүү үчүн 170 миң сом талап кылган.
Жыйынтыгында ал 18-октябрда көрсөтүлгөн сумманы алып жаткан учурда кармалган. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.