У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


БШК Равшан Жээнбековдун документтерин кабыл албай жатат

     
2019-жылы Кой-Таш айылында болгон окуя боюнча айыпталып жаткан ЖКнын мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков депутаттыкка ат салышууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу ал бүгүн соттук отурумда билдирди.
 
Анын айтканына караганда, БШК анын документтерин кабыл албай жатат.
 
«Өзүмдүн ордуна документтерди тапшыруу үчүн ишеним кат менен өкүлүмдү жөнөттүм. Борбордук шайлоо комиссиясы талапкер өзү келсин деп аларды кабыл, албай жатат. Өзүм кантип бармак элем. Абактан чыгып барууга мүмкүн эмес. Азыр соттун чечими чыга элек. Менин талапкер болууга конституциялык толук укугум бар. Мен бир мандаттуу округдан шайлоого ат салышайын дегем»,-деди ал.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter