У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


ЖКнын мурдагы спикери бир мандаттуу округдан шайлоого катышат

Жогорку Кеӊештин мурдагы төрагасы Канат Исаев 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого бир мандаттуу шайлоо округунан ат салышат. Бул тууралуу БШК билдирди. 
 
Маалыматка ылайык, Исаев №31 Чүй-Кемин шайлоо округунан катышат. 
 
Белгилей кетсек, анын "Кыргызстан" партиясы да жарышка катышуу үчүн БШКга арыз берген.
 
Бир мандаттуу округ боюнча депутаттыкка талапкерлер каттоо үчүн документтерди шайлоо күнүнө 40 календардык күндөн кечиктирбестен - 18 -октябрда саат 18: 00гө чейин БШКга тапшырышы керек.
 
Шайлоо 28 -ноябрга белгиленген. Жогорку Кеңештин 54 депутаты партиялык тизме менен, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter