Бир мандаттуу округдан депутаттыкка аттанган биринчи талапкер БШКга арыз жазды
- 13.09.2021, 11:39,
- Саясат / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына бир мандаттуу округдан депутаттык шайлоого аттанган талапкер, Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мурдагы төрагасы Акылбек Сариевден арыз түштү.
Ал №33 Нарын шайлоо округунан ат салышууга ниеттенүүдө.
Бир мандаттуу округ боюнча депутаттыкка талапкерлер каттоо үчүн документтерди Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен - 18 -октябрда саат 18.00гө чейин тапшырышы керек.
Шайлоо 28 -ноябрга белгиленген. Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча, 36 депутат мажоритардык система боюнча шайланат.