У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Сонунбүбү Кадырованын президентке жазган каттынын жасалмалуулугу текшерилүүдө



 Жогорку Кеӊештин бир катар депутаттарын суракка чакырууга себеп болгон маданият кызматкери Сонунбүбү Кадырованын катынын жасалмалуулугун прокуратура текшерүүдө. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев бүгүн парламент жыйынында билдирди.
 
Кат боюнча маселени депутат Рыскелди Момбеков которуп, автор каттын  туп нускасы өзгөрүп калганын айтканына карабай, жалган маалымат менен депутаттарды суракка чакыруу канчалык мыйзамдуу экенин башкы прокурордон сурады.
 
"Бир ырчы кара тоголок кат менен кайрылды эле. Ички иштер министрлиги төрт депутатты суракка чакырды, аны жазган автор өзү "фейк, төртөөнө окуткан эмесмин, кол койгон жок. Ичин президенттик администрация оңдоп коюптур" деди. Фейк маалымат болуп жатса да суракка алышты да. Мыйзам тескери иштегенде ыйман тескери иштеп баштайт. Өткөндөн сабак алыш керек", — деди эл өкүлү.
 
Буга жооп катары Зулушев маданият ишмерлеринин каттарынын аныктыгы текшерилип жатканын айтты.
 
"Биз бул каттын мыйзамдуулугун текшерип жатабыз. Сонунбүбү Кадырованын билдирүүсү КЖБРине эмес, маалымат журналында катталган. «Курсан Асанов суракка алынганда биз дагы депутаттарды суракка чакырдык ", - деп айтылат тергөөдө. Биз бардыгын тактадык жана бул боюнча маалыматты кийинчерээк беребиз", - деди Зулушев.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter