Кечээ Фейсбукка Жогорку Кеӊештин депутаты Рыскелди Момбеков мас болуп, жерде жатат деген жалган маалымат тарады. Анда башка эле кишинин сүрөттүн Момбековго окшоштуруп жалган маалыматты таратышкан. Сүрөттө жерде жаткан киши депутат Рыскелди Момбеков эмес экендиги, сүрөт @atash_Li атту жигиттин куудулар менен бирге тарткан «Ата» же «Кайтар дүйнө» деген тарбиялык мааниси тереӊ видео ролигинен алынганы далилденди.
Калк арасында кадыры калыӊдап, элдин колдоосуна, мактоосуна ээ болгон ЖКнын депутаты Рыскелди Момбековду каралоону, элге сиӊген кадыр-баркын түшүрүп, жаман көрсөтүүнү каалаган атандаштарынын жасаган иши экени айдан ачык көрүндү. Бирок мындай жалган маалыматтар, каралоолор Момбековдун кадырын түшүрө албайт. Анткени кимдин-ким экенин эл билет, ал эми сүрөттөгү киши Момбеков эмес, куудул, актер Керезбек Турсалиев экенин видеону көргөндөр айтышууда.
Момбековго болгон кара пиар чабуулу эбак эле башталган. Бийлик да, атаандаштары да Момбековго карата "компромат" издешип, болушунча казышып, эч нерсе таба албай айлалары кеткенден кийин акчага сатылган жалданама фейктер тобуна тапшырма берилип, алар жалганды чынга айлануу үчүн үрүп чыгышты. Бирок алардын үргөнү Момбековдун калк арасындагы кадырын түшүрө алган жок. Тескерисинче, эл өкүлүнүн тазалыгын, актыгын далилдеп беришти. Эгер Момбеков мамлекетке зыян келтирип, кайсы бир тармактан акча жеп, деги эле кандайдыр бир илинчеги болсо бийлик эбак эле баса калып, ишин сотко өткөрмөк.
Албетте, саясатта жүргөн адамдарга карата сын айтылат. Алардын жасаган иши, баскан-турганы, сүйлөгөн сөзү элдин сынында болот. Бирок ар-намыска шек келтирген, ак жерден каралган адамдар мыйзам чегинде жооп бериши керек. Башка эле адамды Рыскелди Момбеков деп, сүрөттү жасап чыккандар, Момбековдун ар-намысына шек келтирип, жалган маалымат тараткандарга мыйзам чегинде чара көрүлүшү керек.
Азыр шайлоого катышабыз деп жаткан партияларга карата катуу каралоо компаниясы жүрүп жатат. Өзгөчө Рыскелди Момбеков сыяктуу эл арасында кадыры бийик депутаттарды каралоо үчүн чоӊ фейктер армиясы күнү-түнү иш алып барууда. Алардын кызматы үчүн чоӊ суммадагы каражаттар бөлүнүп, фейктердин алды үйлүү арты машинелүү болду деп эл арасында айтылып жатат.
Шайлоо саясий күрөш. Ар бир талапкер калк арасындагы кадырына жараша добуш алат. Андыктан бирөөнү каралап, анын кадыр-баркын түшүрүү менен алек болбой, ак иштеп, элге кызмат кылып аброй топтоого аракет кылгыла. Силдердин фейктер аркылуу каралооӊор Момбековдун мизин мокото албайт жана элдин ага болгон сыйын жогото албайт. Фейктердин, ушак менен жалган маалыматтардын этегине бекинбей жигитче күрөшкүлө …