У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Курманкул Зулушев менен Мирлан Жээнчороев элдешти…


 Башкы прокурор Курманкул Зулушев менен Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев элдешти. Бул тууралуу парламенттин жыйынында депутат Мирлан Жээнчороев билдирди. 
 
Эл өкүлүнүн айтымында, бир күн мурун комитеттин жыйынында ал эмоцияга алдырган.
 
«Эмоция менен бири -бирибизге ашыкча сөздөрдү айттык. Андан кийин биз жолугуп, бардык түшүнбөстүктөрдү, пикир келишпестиктерди жана ушактарды чечтик», - дейт Мирлан Жээнчороев.
 
Курманкул Зулушев дагы элдешкенин тастыктады.
 
«Башкы прокурор катары мен эч качан бирөөгө буйрук же көрсөтмө бербейм жана буйрук боюнча иштебейм. Жеке мамилени жумуш менен чаташтырбоо керек», - деген ал.
 
Эске салсак, кечээ, Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев менен Башкы прокурор Курманкул Зулушев жыйында кайым айтыша кеткен.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter