У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Түркияда Орхан Инандынын соту болду


     
Түркияда "Сапат" эл аралык билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын соту болду. Бул тууралуу түркиялык басылмалар жазып чыгышты.
 
Алардын айтымында, Инандынын ишин Анкара шаарынын Жогорку соту карап жатат. Орхан Инанды сотко алынып келинген эмес, ал сотко абактан видеоконференция аркылуу катышкан. Сотко анын жактоочусу катышканы айтылды. 
 
Орхан Инандынын колу үч жеринен сынгандыктан сотко даярдана алган эместигин жана иштин материалдарында күбөлөрдүн кээ бир көрсөтмөлөрү менен таанышууга мүмкүнчүлүгү жок экенин жана кийинки сот отурумуна чейин көргүсү келгенин билдирди.

Ал сотто Кыргызстандын жараны экенин жана Түркиянын жарандыгынан баш тартууга арыз бергенин айтып, аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга эч кандай укук жок экенин билдирген.
 
Сот Орхан Инанды камакта калтыруу чечимин чыгарды.
 
Эске салсак, Орхан Инанды 2021 -жылдын 31 -майында жоголгон. Кийинчерээк анын Түркияга алынып келингени айтылган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter