У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Садыр Жапаров Ооганстандагы кырдаалга арналган ЖККУнун кезексиз сессиясына катышат

   
Президент Садыр Жапаров Ооганстандагы кырдаал боюнча видеоконференция форматында ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезексиз сессиясына катышат. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
 
Анда Ооганстандагы кырдаал жана анын ЖККУ өлкөлөрүнүн коопсуздугуна тийгизген таасири, ошондой эле мүмкүн болуучу чек ара чакырыктарына жана коркунучтарына биргелешкен эффективдүү жооп берүү пландаштырылган. Сессияга Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон төрагалык кылат.
 
Иш-чарага Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко, Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев, Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин, Армения Республикасынын премьер-министри Никол Пашинян, ошондой эле ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась катышаары күтүлөт.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter