У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргызстан менен Кытай COVID-19га каршы күрөшүү боюнча кызматташуу тууралуу сүйлөшүштү


     Кытайдын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова менен жолугушту. Бул тууралуу дипломатиялык өкүлчүлүктөн билдиришти.
 
Тараптар маданий жана билим берүү тармагындагы кытай-кыргыз кызматташтыгы, ошондой эле коронавируска каршы биргелешкен күрөштөгү эки өлкөнүн өз ара аракети тууралуу сүйлөшүштү.
 
Ду Дэвэн кыргыз элин келе жаткан республиканын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады. Ал Кытай менен Кыргызстандын билим берүү тармагындагы кызматташтыгынын жетишкендиктерин жогору баалап, жыл сайын кытай тарап Кыргыз Республикасынын жарандарын КЭРдеги ЖОЖдордо окутуу үчүн ар кандай багыттар боюнча белгилүү бир стипендия квоталарын бөлүп берерин баса белгиледи.
 
Жылдыз Бакашова Кытайга эпидемияга каршы эбегейсиз жардам үчүн, өзгөчө COVID-19га каршы берилген вакциналар үчүн ыраазычылык билдирди.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter