У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Чек арадагы атышуудан 27 жаштагы чек ара кызматкери каза болду


 Кечээ, 8-июлда кыргыз-тажик чек арасында орун алган атышуудан Кыргызстандын чек арачысы, 27 жаштагы Хуснидин Хожиев каза болду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетттин чек ара кызматы билдирди.
 
Анын айтымында, учурда анын өлүмүнүн себептери иликтенип жатат. Алдын ала маалымат боюнча, тажик тараптан каза болгондор жана жаракат алгандар дагы бар. Окуя болгон жерде УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери бар. Эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү бул фактыны иликтөөнү улантууда.
 
Эске салсак, кечээ, 8-июлда болжол менен кечки саат бештерде, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара бөлүмдөрүнүн аскер кызматкерлеринин ортосунда атышуу болгон.
 
Кыргыз Республикасынын УКМКнын Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, атчан чек ара отряды күтүүсүздөн Тажикстандын чек арачылары тарабынан кол салууга дуушар болгон. Аскер кызматкерлеринин ортосунда атышуу болду.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter