Эки чек ара кызматкерин барымтага алышкан: Кыргыз-тажик чек арасындагы жаӊы жагдайлар…
- 09.07.2021, 14:55,
- Саясат / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кечээ, 8-июлда Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында болгон чырда Кыргызстандын 2 аскери жана кызматтык 3 ат барымтага алынган. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына өздүк булактар билдирген.
Маалыматка караганда, чек арачылар Гош-Жайлоо аймагындагы Наумин ашуусунда жүрүшкөн. Тажикстандын чек арачылары күтүүсүз жерден ок атып, прапорщик Умаров менен сержант Хуснидин Хожиев 3 ат менен кошо туткунга алынган. Сержант Хуснидин Хожиев алган жаракатынан улам каза болгон.