Жеңиш Молдокматов 6-сентябрга чейин камакта калтырылды
- 02.07.2021, 10:42,
- Саясат / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кечээ, 1-июлда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту «Туран» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовго карата баш коргоо чарасын карап, аны 6-сентябрга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды. Бул тууралуу Молдокматовдун жактоочулары билдирди.
Алар райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна даттанат.
Эске салсак, Жеңиш Молдокматов Ички иштер министрлиги тарабынан 6-майда камакка алынган. Ага "октябрь окуяларында жапырт баш-аламандык уюштурган" деген айып тагылган.