Жеңиш Молдокматовдун кеңсесине милиция тарабынан тинтүү жүргүзүлдү
- 16.03.2021, 09:17,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
"Замандаш" партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматовго тиешелүү кеңсеге Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан тинтүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жеңиш Молдокматов социалдык тармактагы баракчасына видео жарыялады.
Анда милиция кызматкерлери кеңсеге эмнеге келгендигин түшүндүрүп жатканын, Молдокматов видеого тартканга укугум бар деп жатканын көрүүгө болот. Ошондой эле тинтүү Тилекмат боюнча жүргүзүлүп жатканы айтылат.
15-мартта жарандык активист Тилекмат Куренов кармалганы белгилүү болду. Ал Конституциянын жаңы долбооруна каршы митинг уюштурган.