У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


БШК шайлоону кайрадан өткөрүүгө тыюу салган соттун чечимине каршы даттанат.


Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоону 2 айга жетпей кайрадан өткөрүүгө тыюу салган соттун чечимине каршы даттанат. Бул туурасында БШКнын маалымат кызматы билдирди.

"Учурда кийинки инстанцияга даттануу боюнча документтер даярдалып жатат", — деп билдиришти маалымат кызматтан.

Эскертели, буга чейин Боршайком Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоону өткөрүү күнүн 20-декабрга белгилеген. Бирок Биринчи май райондук соту 24-декабрда БШКнын ал токтомун жокко чыгарып салган. Конституция боюнча, парламенттик шайлоону кайра өткөрүү эки айдын аралыгында уюштурулушу шарт. Бирок Жогорку Кеңеш шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу боюнча, башкача айтканда, БШК таянып иш алып барып жаткан беренени 1-июнга чейин токтото туруу мыйзамын кабал алган. Ал документке президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров да кол койгон.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter