Депутаттар Гүлшат Асылбаева сунуштаган мыйзам долбоорун колдошкон жок
- 30.06.2021, 17:26,
- Саясат / Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Парламент " Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын кабыл алган жок. Мындай чечим парламенттин бүгүнкү жыйынында кабыл алынды.
59 депутат макул добуш берди, 38 каршы - 97 депутат катталды.
Эске салсак, 2020-жылы 26-июнда депутаттар резонанс жараткан "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзамды жактырышкан. Жогорку Кеңештин 79 депутаты макул деп добуш берген.
Аталган мыйзам долбоорун Жээнбеков июль айында Жогорку Кеңешке кайрадан иштеп чыгуу үчүн жөнөткөн.