У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Президент "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзамга кол койгон жок


Президент "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзамга кол койгон жок. Ал документти кайра карап чыгуу үчүн кайтарып берди жана эмне үчүн мындай чечимди кабыл алганын  Биринчи радиого берген маегинде түшүндүрдү.

«Долбоорду колдогондор да, анын каршылаштары да бар. Менин жалпы позициям - мындай мыйзам биздин өлкөдө керек. Бул, баарынан мурда, адам укугун жана ден-соолугун коргоо үчүн керек. Адамдарды ушак сөздөрдөн, негативдүүлүктөн жана жасалма маалыматтардан коргошубуз керек» деди ал.

Ошондой эле өлкө башчы өнүккөн өлкөлөрдө да мындай мыйзам колдонулуп келгенине токтолду.

«Биз менен да ошондой болушу керек. Жарандык коомдун жана ЖМКнын сынынан коркпостон, бул мыйзам долбоорун демилгелеген парламент спикери башында турган депутаттар Гүлшат Асылбаева, Айнура Осмонова жана башка депутаттардын ишин белгилей кетким келет. Мыйзамды талкуулоо учурунда, бардыгыбыздын коомубузда жасалма маалымат менен байланышкан көйгөй бар экенине көзүбүз жетти. Жогорку Кеңештин ичинде жана тышында талаш-тартыштар болгондо, мыйзам керек экендигин көрдүк. Пандемия, тилекке каршы, кеңири талкууну уюштуруу мүмкүн болгон жок. Дагы бир маселе, бул мыйзам долбоору канчалык деңгээлде талкууланды, анын канчалык деңгээлде жетилгендиги жана ал учурдун талабына ылайык келеби? деди ал.

Ажонун айтымында  жалпысынан ал мыйзамдын негизги философиясы - жасалма маалымат менен күрөшүү экендигин колдойт. 

“Мен көптөгөн пикрирлерди уктум. Жогоруда айтканымдай, мыйзамды жактаган жана жактабаган эки эки тарап  бар, алардын бири  кол коюуну суранса, экинчиси вето коюуну өтүндү. Эки тараптын сунушун уктум. Кыскасы, бизге мындай мыйзам керек. Бирок биз муну дагы иштеп чыгышыбыз керек” деди өлкө башчысы.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter