У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Депутаттар “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө”мыйзам долбоорун кабыл алуу керектигин айтышты


     
Бүгүн парламенте айрым депутаттар тарабынан Гүлшат Асылбаева тарабынан сунушталган “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алуу маселесин кайрадан көтөрдү жатат. 

Алардын айтымында, социалдык тармактардагы жасалма аккаунттар саясий оппоненттердин куралы болууда.

«Ооба, бизде сөз эркиндиги бар, бирок жоопкерчилик дагы болуш керек. Сын айткысы келгендер өз аккаунту аркылуу пикир жазышсын. Фейктерге мыйзам боюнча тыюу салууга кез келди ”, - деди Самат Исманов.

Депутат Айбек Осмонов белгилегендей, шайлоого чейин сунушталган (ред. парламенттик шайлоого чейин) Гүлшат Асылбаеванын мыйзам долбоорун кабыл алуу керек

Буга чейин депутат Дастан Бекешев кесиптеши Гүлшат Асылбаеваны "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбоорунан баш тартууга чакырган. Ал бул мыйзам долбоору коомдун нааразычылыгын жаратканын эске салды.




Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter