Улукбек Марипов өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал боюнча Министрлер Кабинетинин кезексиз жыйынын өткөрүүнү тапшырды
- 23.06.2021, 10:45,
- Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Министрлер кабинети Кыргызстандагы эпидемиологиялык абал боюнча кезексиз жыйын өткөрөт. Бүгүн, 23-июнда Министрлер кабинетинин төрагасысы Улукбек Марипов орун басарлары жана Президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басарларынын катышуусу менен жыйын өткөрдү.
Анда өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелери жана аларды чечүү жолдору талкууланды.
Мындан тышкары, эпидемиологиялык абалды турукташтыруу, жарандарды вакцинациялоо, азык-түлүк жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу маселелери каралды.
Улукбек Марипов өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал боюнча Министрлер Кабинетинин кезексиз жыйынын өткөрүүнү тапшырды. Ал ошондой эле тез арада аткарууну талап кылган бир катар тапшырмаларды берди.