У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


БЭКтин берендери азыр кайда?


Мындан туура 18 жыл мурда Аксы окуясы орун алган. Башкача айтканда, 2002-жылдын 17-мартында Аксыда бийликке каршы чыккан элге ок атылып, алты адам каза тапкан. 
 
Анда ошол кездеги президент Аскар Акаевге импичмент жарыялоо демилгесин көтөргөндөн кийин камакка алынган депутат Азимбек Бекназаровду бошотуу жана Үзөңгү-Куушту Кытайга бербөө талаптары коюлган болчу.
 
Ал эми мындан туура 10 жыл мурун Бакиевдин үй-бүлөлүк кландуу бийлигине каршы Бириккен элдик кыймылы Бишекте «Форум» ишканасынын алдында Аксы окуясына карата 2010-жылы 18-мартта Курултай өткөрүп, бийликке бир нече талап койгон. 
 
Мына ушул БЭКтин иш-аракетинини негизинде, элдин үнүн укпай койгон Бакиевдин бийлиги 2010-жылы кулатылган. Элдик революциянын натыйжасында Убактылуу Өкмөт түзүлгөн. 
 
Андан бери дээрлик 10 жыл болду. Ал кездеги БЭКтин 14 мүчөсүнүн дээрлик баары азыр кызматсыз жүрүшөт. Болгону, Эмилбек Каптагаев Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору болуп отруса, Азимбек Бекназаров Малазияга элчи болуп кетти. Топчубек Тургуналиев И.Арабаев университетине «Манас» академиясын ачып алды. Иса Өмүркулов, Рыскелди Момбеков Жогорку Кеңештин депутаты. 
 
Калган  Убактылуу Өкмөттүн калган мүчөлөрү ишсиз, айрымдары камакта. Тактап айтканда, ал кездеги БЭКтин мүчөлөрү Алмазбек Атамбаев учурда камакта отурат. Өмүрбек Текебаев, Дүйшөн Чотоновдун иши сотто. Кеңешбек Дүйшөбаев, Болот Шер, Элвира Ибраимова, Темир Сариев, Бөдөш Мамырова иши жок бош. Роза Отунбаеванын экс-президент катары макамы бар. 
 
Ээ анда, азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун БЭКтин катарында жок болчу. Элдик революциядан кийин эле жылт этип, булуттан чыккан айга окшоп пайда болду. Досу Алмазбек Атамбаевдин арты менен Ош облусуна губернатор болуп отуруп калды. 
 
Натыйжада, досу улам кызматтан көтөрүп, акыры 3% кадырына карабай президент кылды. Ошол кезде Өкмөт башчысы кызматын аркалап тургандагы аброю 3% болгон соң, ага чейинки кадыры бары-жогун кеп кылуу мүмкүн эмес экенин айтып коюу парз. 
 
Кызыгы, азыр элдик революциянын башында жүргөндөр абакта отурат. Кылмыш иши козголуп сотто сурак беришүүдө. Көбү ишсиз жүрүшөт. Кээ бирөөсүнүн оозун жабуу үчүн кылмыш ишин козгошууда. Ал эми Бакиевдин бийлигинин тушунда майлуу, жогорку кызматты ээлеген аткаминерлер азыркы тапта президент Сооронбай Жээнбековдун колтугунда отурушат. 
 
Алсак, президент Жээнбековдун аппарат жетекчиси Досалы Эсеналиев Бакиевдин Жогорку Кеңештеги өкүлү болчу. Президенттин аппаратынынын Социалдык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы  Назгүл Ташпаева Бакиевдин Эмгек жана социалдык коргоо министри эле. Бишкек мэри Азис Суракматов «Ак жолдон» депутаты, мэриянын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев Бакиевдин иш башкармалыгынын башчысы болгон. 
 
Эми ушул Бакиевдин "командасы" 2010-жылдагы Апрель революциясынын 10 жылдыгын уюштуруп, белгилешеби? Кызыгы, 10 жылдык иш чараны белгилөө, уюштуруу комиссиясында БЭКтин мүчөлөрү жок. Бир гана президентке жагынып жатып кызмат алган Эмилбек Каптагаевди кошуп коюшкан.
 
Арийне, Апрель революциясынын 10 жылдыгы белгиленбей калышы мүмкүн. Анткени, азыркы учурда калктын саламаттыгына коркунуч туудуруп жаткан коронавирустун кесепетинен массалык жыйындарга тыюу салынды. Сыягы, Бакиевдин «командасына» оңдой берди болду окшойт.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter