Путин менен Байден жолукту
- 16.06.2021, 17:58,
- Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Россиянын жана Американын президенттери Владимир Путин менен Джо Байдендин жолугушуусу Женевада өтүп жатат. Бул тууралуу "Лента.ру" сайтынын кабарчысы маалымдайт.
Путин-Байден саммити АКШ президентинин инаугурациясынан кийинки алгачкы жолугушуусу болду. Жолугушуу болжол менен 5 саатка созулат деп күтүлүүдө. Сүйлөшүүлөрдөн кийин лидерлер өзүнчө пресс-конференция өткөрүшөт.
Учурда Путин менен Байден тар чөйрөдөгү сүйлөшүүлөрүн баштады.
Тараптар эки тараптуу мамилелерди, эл аралык күн тартибин, стратегиялык туруктуулукту, аймактык чыр-чатактарды жөнгө салууну, ошондой эле COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүү жаатында кызматташууну талкуулашат деп пландалууда.