У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргызстан жана Орто Азия АКШ үчүн таасирин тийгизүүчү оңтойлуу жер


Кыргызстандан “Ганси” аскердик базасын чыгарып кеткен соң биздин өлкөнүн көптөгөн жарандарында да жана башка мамлекеттин эксперттеринде АКШ биздин республикага болгон кызыгы таркады деген ишенич пайда болгон. Акүйдүн мурдагы кожоюну Дональд Трамптын саясаты ушундай ишенимди пайда кылган болчу. АКШ ички саясатына анын тышкы саясаты орун бошотуп экинчи планга жылды деген ойдо болушкан. Бирок, жаңы администрациянын келиши менен күн тартиби түп тамырынан бери өзгөрдү. Американын жаңы президенти Джозеф Байден тышкы саясатта Европа жана Борбордук Азияга болгон көз караштарды өзгөрттү. Муну менен ал АКШ көз карандысыз мамлекеттерге кылган саясатын улантмак гана турсун жаңыча баштай тургандыгына ишаарат кылды.

Анын үстүнө жакында эле АКШ бийлиги Кытай менен Россиянын ортосундагы абалдын курчушу үчүн 600 млн $ бөлгөндүгү белгилүү болду. Демек, жакында НПО жана НКО митингдер жана ар кандай адам укугун коргоо сыяктуу нерселер менен иштерин башташат десек да туура болчудай.

Негизи буга окшогон көрүнүш Жогорку Кеңештин күзүндө өткөн шайлоо мезгилинде  орун алганын  эске сала кетели. Президенттик шайлоодо да андай көрүнүштөр болбой койгон жок. Чет элдик уюмдар жана Мамдеп референдумга жана Конституциянын түзөтүүсүнө өзгөчө көңүл бурушту. Батыштын саясатчылары жазда болчу ЖК шайлоосуна өз кишилерин алып келүүнү көздөп жатышат. Америкалык демократиянын колдоочулары:  “Реформа”, “Ата-Мекен” жана “Бир-Бол” партияларынын бир катар талапкерлери президенттик  шайлоого катышып, Равшан Жээнбеков, Клара Сооронкулова, Каныбек Иманалиевдер аракет кылышты, бирок ойлогон ойлору ишке ашпай калды. Эми алардын мелжеп турганы парламенттик шайлоо жана башмыйзамга өзгөртүү киргизүүдө аракетке өтүү.

КР башкаруунун формасы боюнча референдумда АКШ элчиси Дональд Лу биздин көз карандысыз өлкөбүзгө бир катар “көрсөтмөлөрдү” берди.
КР бийлиги алдыдагы боло турган шайлоодо, экономикалык кризис менен күрөшүүдө, COVID-19 менен күрөшүүдө, кылмыштуулук менен күрөшүүдө ушуларды эске алуусу зарыл, - деп белгиледи Лу.
Штаттардын буга окшогон таасирлерин демейде агенттери жана НПО, НКО сыяктуу эл аралык ишканалары аркылуу ишке ашырышат.

Эксперттердин сөзү боюнча, өткөн жылы күздө мамкатчынын, Түштүк жана Борбордук Азиянын иштери боюнча адистешкен жардамчысы Джонатан Хеник АКШ Кыргызстан менен дайыма тыгыз байланышта боло тургандыгын билдирген.

Американын башкы максаты үзүлгөн мамилени калыбына келтирүү
-Кыргызстандын мурдагы бийлиги октябрь окуясынан кийин кетти, эми Батыштын өкүлдөрү өздөрүнүн жаңы идеяларын ар кандай жолдор менен ишке ашырууга аракет жасап жатышат. Алардын башкы максаты 2015-жылы үзүлгөн элчилик кызматташтык тууралуу Келишимди калыбына келтирүү. Анткени ошол келишим гана Кыргызстанда алардын “демократиясын” ишке ашырууга тирек болмок. Ишке ашырууга алардын Кыргызстанда өз кишилери болууга тийиш. Батышчылдар Конституцияга түзөтүү киргизгенге катышып калууга аракет жасап жатышат, 2010-жылы да алар Кыргызстандын ички ишине активдүү киришкен эле, - деп эсептешет эксперттер.
АКШ Кыргызстандагы таасирин бошоңдотууну каалабайт, анткени Кыргызстан – бул Россия, Кытай жана Американын күч сынаша турган жери да. Байден өз сөзүндө Кытай менен Россияны душмандар деп атап, аларга болгон мамилени тактап айтып кетти. Алардын Кыргызстанды колго алуу максаты шайлоо процесстери аркылуу ишке ашмакчы. Анын үстүнө АКШ элчилиги Кыргызстанга шайлоого жардам көрсөтүү тууралуу убада беришти.
Азыртан эле бир катар батышчыл ММК ар кандай жолдор менен өлкөдө мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнүн жыйынтыгын талдап, ар түрдүү мыйзам бузуулар тууралуу билдирүү жасашты. БШК болсо азырынча үн сөзү жок тынч турат. Бирок алдыда шайлоо процесстери турат, а бул болсо Батыштын бизге басым жасоосуна шарт түзүүчү аянтча болуп берет.

АКШнын бороону баш мыйзамга өзгөртүү киргизгенде башталат
Учурда Батыш каржылаган бейөкмөт уюмдар оңтойлуу өңүттөрдү алып тыным алып күтүп  турушат. Бул тынчтык айрым эксперттердин айтуусуна караганда бороон алдындагы тынчтык. Ал бороон Башмыйзамга түзөтүү киргизген учурда башталат деген чоң ыктымалдуулук бар. Анан да парламенттик шайлоодо алардын “түстүү революциялары” орошон алып кетүүсү күтүлөт. Эске сала кетсек, бул боло турган иштерге АКШ көп акча бөлгөн.
Бекболот Таалайбеков


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter