У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Улукбек Марипов: "Кирешеден чыгашасы көп мамлекеттик ишканалар аукционго коюлушу керек"


Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов мамлекеттик мүлктү башкаруу натыйжалуулугун жогорулатуу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ал белгилегендей, учурдагы социалдык-экономикалык кырдаал үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тескөө чөйрөсүндөгү принциптерди жана артыкчылыктарды кайрадан карап чыгуу зарылдыгы келип чыгууда.

"Мамлекеттик ишканалардын негизги максаты киреше алуу жана республикалык бюджетти толтуруу болуп эсептелет. Бирок иш жүзүндө көрүнүп тургандай, мамлекеттик ишканалардын көпчүлүгү чыгашалуу болуп саналат. Мамлекеттик мүлктү башкаруу тармагындагы абалга кеңири талдоо жүргүзүү керек. Жогорудагы талдоо даяр болор замат, кайсы ишкана өлкө экономикасы үчүн натыйжасыз экендиги белгилүү болот, алар аукционго коюлушу керек, ошол эле учурда мүлктү сатуу процесси ачык-айкын болушу кажет", - деди Марипов.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter