Аида Касымалиева: "Өткөн аптадагы депутаттардын камалышы мыйзамсыз. Жаңы Конституция боюнча алардын кол тийбестиги күчөтүлгөн"
- 10.06.2021, 11:07,
- Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Вице-спикер
Аида Касымалиева өткөн аптада депутаттардын кармалышы Баш мыйзамга каршы келерин бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Өткөн аптада Жогорку Кеңештин депутаттардын кармоо боюнча Баш мыйзам бузулган. Жаңы Конституция боюнча депутаттардын кол тийбестиги күчөтүлгөн. Ал кылмыш жасап жаткан учурда кармалбаса, мындайда көпчүлүк депутаттардын макулдугу менен кармалышы керек. Бул боюнча протоколдук тапшырма тийиштүү комитеттерге берилди. Депутаттардын кол тийбестиги боюнча мыйзам сакталышы керек. Ошондуктан кармоо, СИЗОдо кармоо мыйзамсыз. Мындай учурда депутаттар үй камагында болушу керек болчу. Бул боюнча Жогорку Кеңеш, тийиштүү комитет жообун бериши зарыл. Муну биз талап кылабыз", - деди ал.