У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Аида Касымалиева: «Өлкөдө балдарга жана аялдарга карата зомбулук өтө күчөгөн»

 
Кечээки үрөй учурган окуя бизде болбоптур, бирок балдарга, өспүрүмдөргө жана аялдарга карата зомбулук өлкөдө өтө күчөгөн. Анын ичинде сексуалдык зомбулук, педофилия көп. Бул тууралуу ал фейсбуктагы баракчасына жазды. 
 
«Себептери ар тараптуу. Чечүүчү жолдору да комплекстүү, коом катары биргеликте гана чече алабыз. 
 
Парламентте ушул багытка көп көңүл бургандыгыма байланыштуу бир тыянакты айтып койсом. Кылмышкер тийиштүү жазасын алмайынча, бул маселени биз чече албайбыз. Бул укук коргоо органдары, соттор, биздин "менталитет". 
 
Чечмелеп берсем, зомбулук боюнча ИИМдин статистикасы боюнча 2020-жылы 9 025 иш катталса, анын 944 гана сотко жеткен. Бул иштердин 10 пайызы гана сотко жетет дегенди билдирет. Соттон кандай чечим чыккан, аны да өзүнчө кароо керек. Тосмо арыздар, жабырлануучуга басым, жакшылап каралбай калган иштер, адилетсиз чечимдер. Сен баланы зордуктасан дагы, жаза албайсын же оңой эле кутулуп, чыгып кетесин. 
 
Мыйзам чегинде эле өз жазасын алса, жетиштүү. Эч кандай өлүм жазасынын кереги жок болмок. Эл да ошондо "өзүм соттойм, өлтүрөм" дегенден алыс болот эле. 
 
Өткөн жумада парламентте үй-бүлөдөгү зомбулук боюнча мыйзам боюнча кылмышкерге чараны дагы катаалдантып бердик. Мыйзам экинчи окууда өттү. Жакынкы аралыкта толук кабыл алынат, президент ага кол коёт дем ишенебиз. 
 
Ага ылайык, жабырлануучунун абалына, ден-соолугуна карап, тосмо арыз (жарашып алуу) ишти кароодо өз таасирин тийгизбейт, эске алынбайт. 
Бул боюнча парламенттик көзөмөл уланат»,-деп жазды Аида Касымалиева. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter