У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Чек ара жаӊжалында каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө 1 миллион сомдон берилет


Баткендеги куралдуу кагылышууда курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 1 млн сом өлчөмүндө компенсация төлөнөт. Бул тууралуу президен Садыр Жапаров бүгүн, 6-майда, Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыр тарткан Лейлек районунун Максат айылындагы эл менен жолугушуу учурунда айтты.
 
Президент өз сөзүндө Баткен облусуна өзгөчө статус берилерин, курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 1 млн сом өлчөмүндө компенсация төлөнөрүн, жабыркаган ишкерлерге дагы жардам көрсөтүлөрүн баса белгиледи.
 
Ошондой эле Садыр Жапаров, Максат айылында жана башка жапа чеккен айылдарда калыбына келтирүү боюнча курулуш иштери башталарын, бузулган үйлөрдүн ордуна жаңы заманбап турак-жайлар куруларын, курулуш иштерин эки айдын ичинде бүткөрүү болжолдонуп жатканын, талкаланган социалдык жана коммерциялык объектилерди калыбына келтирүү иштери да баштала турганын кошумчалады.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter