У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Баткендеги талкаланган турак жайларды оңдоого 700 миллион сом бөлүндү


Чек ара чырында талкаланган имараттарды калыбына келтирүү иштерине 700 миллион сом бөлүнгөн, анын 500 миллион сому социалдык объектилерди курууга жана ремонттоого жумшалат, ал эми калган 200 миллион сому талкаланган жана өрттөлгөн турак-жайларды калыбына келтирүүгө багытталат.
Бул тууралуу өкмөт башчы Улукбек Марипов Баткен облусунун Лейлек районунун Сада айылынын тургундары менен жолугушуусунда билдирди.

Айтымында, учурда келтирилген зыяндын көлөмүн эсептөө үчүн атайын комиссия иш алып жүргүзүп жатат.
Баткен облусунда бир катар социалдык объектилерди куруу пландаштырылууда. Атап айтканда, Кызыл-Бел, Ак-Сай, Моргун жана Борбордук айылдарында типтүү жалпы билим берүү мекемелери курулат, Максат айылында өрттөнүп кеткен мектеп калыбына келтирилип, бала бакча курулат, ошондой эле Кулунду айылында мектепке чейинки балдар мекемеси курулат.

Мындан тышкары, бөлүнгөн каражаттар жаңы жолдорду курууга жана Миң-Булак – Чорго – Ак-Сай, Кок-Таш - Ак-Сай –Тамдык жолдорун оңдоого жумшалып, Ак-Сай - Рават, Кулунду – Максат - Арка, Чайхана – Ак-Сай, Кызыл-Бел – Достук жолдоруна асфальт төшөлөт.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter