У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жабыркаган үйлөр калыбына келтирилет


 
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жабыркаган үйлөр калыбына келтирилет. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов брифингде билдирди.
 
Анын айтымында, бул үчүн каражат жетиштүү болот жана 1-майдын кечинде бөлүмдүн атайын эсебине 1 миллион 200 миң сом которулуп, ал дагы аймактын калыбына келтирүү иштерине жумшалат.
 
«Эвакуацияланган тургундардын үйлөрү калыбына келтирилгиче, алар убактылуу эвакуациялык пункттарга же туугандары менен жакындарынын үйлөрүнө жайгаштырылат. Мен жаңжал учурунда жабыркаган үйлөрдү жана объектилерди толугу менен калыбына келтиребиз деп ишендиргим келет. Ошондой эле, биз өлкөнүн калкынан жардам күтөбүз», - деди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башчысынын орун басары.
 
Маалымат үчүн: Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал учурунда болгон окуялардын кесепеттерин калыбына келтирүү үчүн ыктыярдуу түрдө акча каражаттарын которууну каалаган юридикалык жана жеке жактар акча каражаттарын төмөнкү эсептерге которо алышат:
Реквизиты счета в национальной валюте (сомах):
Банк получатель: Центральное казначейство Министерства экономики и финансов Кыргызской Республики
БИК 440001;
ИНН 00103200110150
Номер счета № 4402031102000649 «Министерство чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики»
Код платежа 14411100 – «Текущая помощь»


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter