Бүгүн Жогорку Кеңеште өкмөттүн жаңы курамы каралат
- 03.02.2021, 08:37,
- Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бүгүн, 3-февралда Жогорку Кеңеште өкмөттүн жаңы курамы каралат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды. Буга чейин парламенттин тийиштүү комитетинде каралып, колдоо тапкан.
Жаңы өкмөттүн курамы:
- Премьер-министр — Улукбек Марипов;
- Биринчи вице-премьер — Артём Новиков;
- Экономика жана финансы министри, вице-премьер — Улукбек Карымшаков;
- Өкмөттүн аппарат жетекчиси — Жеңиш Асанкулов;
- Тышкы иштер министри — Руслан Казакбаев;
- Коргоо министри — Таалайбек Өмүралиев;
- Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри — Аскар Жаныбеков;
- Энергетика жана өнөр жай министри — Кубанычбек Турдубаев;
- Ички иштер министри — Улан Ниязбеков;
- Транспорт, архитектура жана коммуникациялар министри — Гүлмира Абдралиева;
- Өзгөчө кырдаалдар министри — Бообек Ажикеев;
- Юстиция министри — Асел Чынбаева;
- Маданият министри — Кайрат Иманалиев;
- Билим берүү жана илим министри — Алмазбек Бейшеналиев;
- Саламаттыкты сактоо министри — Алымкадыр Бейшеналиев;
- Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы — Камчыбек Ташиев.