Тажикстанга чек ара маселесин тактоого бара турган делегацияны Камчыбек Ташиев жетектейт
- 15.03.2021, 12:23,
- Саясат / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык комиссиясы чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кезектеги жыйынга чогулат. Жыйын 15-марттан 18-мартка чейин Тажикстандын Согд облусуна караштуу Кожент шаарында өтөт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Мекеменин билдиргенине Тажикстан менен болгон чек ара маселесин тактоого Кыргызстандын делегациясына УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жетекчилик кылат.
Ал эми тажик тараптан бул өлкөнүн атайын кызматынын башчысы Саймумин Ятимов катыша турганы айтылды.
Бул эки мамлекеттин ортосундагы чек ара маселеси боюнча алгачкы жолугушуу болот.