У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргызстан менен Тажикстан чек ара маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү 16-мартта өткөрөт


 2021-жылы 16-мартта Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегациялары мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Тажикстандын Согди облусунун Гулистон шаарында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
 
Басма сөз кызматы билдиргендей, 2021-жылдын 9-мартында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин менен телефон аркылуу сүйлөштү.
 
Сүйлөшүүдө Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын ортосунда 2021-жылдын 16-мартына пландаштырылган кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси талкууланды. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter