Чек арадагы кырдаал. Ош-Исфана жолу кайрадан тажиктер тарабынан тосулду
- 01.05.2021, 11:46,
- Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Баткен облусунун Төрт-Көчө аймагындагы Ош-Баткен-Исфана жолу кайрадан жабылды. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар 24.kg маалымат агенттигине билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн саат 11.00 чамасында Тажикстандын жарандары буга чейин жетишилген келишимдерге карабастан кайрадан унаа жолун жаап салышканы такталды. Райондо кырдаал курч.