У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Өкүнүчтүү! Күйөөсү бычак менен коркутуп барымтага алган аял каза болуп калды


Жолдошу барымтага алып, моюнга бычак жеген аял кечээ ооруканада көз жумду. Бул тууралуу маалыматты Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатов маалымат булактарынын бирине билдирди.

"Бейтап кечки саат 21-10до жандандыруу бөлүмүндө каза болду" - деди Кубатов. 

Эске салсак, 17-июнда, 20:00дөр чамасында эркек киши өзүнүн аялын бычак менен коркутуп, кафенин ичине барымтага алганын социалдык тармактардын колдонуучулары жазып чыгышты.  Ал жакка Кайгуул милициянын кызматкерлери, ыкчам-тергөө тобу менен шаардык №5 милиция бөлүмүнүн жетекчиси, милициянын подполковниги Эркин Жаанбаев барган. Алар аялын бычак менен коркутуп жаткан жаран менен сүйлөшүүгө аракет кылышкан, бирок ал сүйлөшуүдөн баш тарткан. Барымтага алынган аял кыйкырган учурда, милиция кишинин колундагы кооптуу бычакты кармап калган. Бул окуя Бишкек шаарындагы "шлагбаум" деп аталган аймактагы ашкананын ичинде болгон.

Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы мас адам аялды барымтага алып, бычак көтөрүп, имараттын ичине эч кимди киргизбей жаткандыгын билдирген.
"Жаанбаев эркек кишини кеп-сөзгө келтирүүгө аракет кылып, бычагын таштоого чакырганы менен берки макул болгон эмес. Милициянын подполковниги аялдын коопсуздугу үчүн спорттук ыкманы колдонуп зордукчулдун колунан бычакты тартып алып, өзүн кыймылдатпай кармап калган", — деген шаардык милиция.

Кармалган киши болгону 36 жашта. Окуядан кийин Биринчи май ИИБге жеткирилгендиги маалым болгон. 
Аялды дароо Тез жардам кызматы Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирип, медициналык жардам көрсөтүлгөн.  Тилекке каршы аял күйөөсүнөн бычак жеп, алган жаракатынан каза болуп калды...


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter