У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


УКМК чек ара заставаларына кол салуу болгонун билдирди

Тажикстандын күч органдары Кыргызстандын 5 чек ара тозотуна кол салды. Бул туурадуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
 
Маалыматка ылайык, саат 14.05тен баштап «Головной» аймагындагы тараптардын аскер бөлүктөрүнүн ортосунда атышуу башталган. Атышуу учурунда Кыргызстандын жарандары жана аскер кызматкерлери жаракат алышкан.
 
«Саат 17:00 чамасында тажик тарап «Капчыгай», «Миң-Булак», «Достук» жана «Кожогар» жана «Булак-Башы» чек ара заставаларына ок чыгарган. Минометтон аткылоонун натыйжасында «Достук» чек ара тозотунун имараты өрттөлдү. Тажик коопсуздук кызматкерлеринин аракеттерине жооп кылып, УКМКнын «Бөрү» отряды Тажикстандын «Ходжа Аълло» чек ара заставасын алды», - деп айтылат билдирүүдө. 
 
Учурда Баткен облусунун «Головной» аймагында кырдаал курч бойдон калууда.
 
Эки тараптан тең кошумча күчтөр жана каражаттар тартылып жатат.
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter