Чек ара кызматы чек арадагы кырдаал боюнча маалымат берди
- 29.04.2021, 17:07,
- Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Тажик тарап мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде атайылап жаңжал чыгарып, кырдаалды курчутуп жатат. Бул тууралуу Чек ара кызматынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
Кыргызстандын Чек ара кызматынын саат 16:30да Баткендеги соңку кырдаал боюнча берген маалыматына ылайык, абал курчуган. Тараптардын аскер бөлүгүндө атышуулар орун алган.
Кыргыз тарап, тажик тарапты чырды тынчтык жолу менен жана эл аралык укук нормаларынын, эки тараптуу макулдашуулардын негизинде чечүүгө чакырды.
Ошондой эле «Головной» суу бөлүштүрүүчү жай Кыргызстанга таандык экенин баса белгиледи.