Чек ара чыры. Баткенде үч айыл аймагына өзгөчө абал режими киргизилди
- 29.04.2021, 11:33,
- Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан үч айыл өкмөтүнө өзгөчө абал режими киргизилди. Бул тууралуу Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Өзгөчө кырдаал Ак-Сай, Самаркандек жана Ак-Татыр айылдык аймактарына киргизилгени такталды.
«Чек арадагы кырдаал боюнча аймактык штаб түзүлдү. Жаңжал чыккан жерге жакын жашаган аялдар жана балдар коопсуз аймакка эвакуацияланган. Айрым жергиликтүү тургундар туугандарына кетишти, калгандары Баткен шаарына жакын жайгашкан калктуу конуштарга эвакуацияланып жатышат», - деп билдирди мекемеден.