У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


КЭДП партиясынын тарапташтары митингге чыгышты


Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо жарыштан четтетилген  Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясынын тарапташтары Бишкек шаарынын административдик сотунун алдына митингге чыгышты.

Жарыштан четтетүү чечимин Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясы 18-апрелде кабыл алган.
Митингге чыккандардын бири төмөнкүлөргө токтолду.

"Биз биздин соттор адилеттүү болуп калышкан деп ишенебиз. Соттор арасында мурдагыдай башаламандык жок деп үмүт кылабыз. Азыркы президент шайланарда соттор системасындагы башаламандык жоюлат деген. Ошон үчүн биз анын сөздөрүнө жана сотторго ишенебиз. Адилеттүүлүк орнойт", - деди митингдин катышуучусу.
Ал эми бүгүн сотто БШКнын КЭДПны шаардык кеңешке шайлоо жарышынан чыгаруу боюнча чечими каралат.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter