БШК КЭДП партиясын шайлоодон чететтүү маселесин колдоду
- 24.04.2021, 10:14,
- Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясынын Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо жарыштан четтетилишин колдоду. Чечим кечээ, 23-апрелде кабыл алынган.
БШКнын 11 мүчөсүнүн экөө гана каршы добуш берсе, калгандары партияны жарыштан четтетүү чечимин колдошкон.18-апрелде Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо жарыштан четтетилген.
Партиянын лидери
Илим Карыпбеков бул чечимди негизсиз деп эсептеп, Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылган.
"Мындай чечимге биз каршыбыз. Себеби Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясы социалдык тармактарда чыккан ушак видеолорду негиздеп чечим чыгарышты. Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылабыз", - деген ал.