У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Нариман Түлеев дагы бир партияны Бишкек шаардык кеңешине жарыштан четтетиш керек дейт


Бишкек шаарынын мурдагы мэри, "Ак-Бата" партиясы менен шаардык кеңешке шайлоого катышкан Нариман Түлеев КЭДП партиясынын шайлоодон четтетилиши боюнча пикирин социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын пикиринде "Эмгек" партиясын дагы Бишкек шаардык кеңешине жарыштан четтетиш керек болчу.

"КЭДП партиясынын жарыштан четтетилгенин таң калуу менен кабыл алдым. Адилеттүү чечим болдубу же жокпу билбейм. Бирок менин жеке пикиримде "Эмгек" партиясын дагы четтетиш керек болчу. Ар бир шайлоого катышкан талапкер алар үй комитеттеринин жетекчилерин (домком) массалык түрдө сатып алганын тастыктап берет. Мындан сырткары тамак-аш каражаттарын таратышты, көчмө добуш берүүдө пенсионерлерге кайсы партияга добуш берүүнү айтып жатышты.
Буга кошумча "Дордой" базарында патент алгандардын саны дароо кескин көбөйдү. Бул дагы добуш сатып алуу фактыларын кыйыр түрдө далилдейт.
"Эмгек" партиясына карата чара көрүлбөсө шайлоо одоно мыйзам бузуу менен өттү деп эсептейм. "Ак Бата" партиясы "Эмгек" партиясын жарыштан четтетүүнү талап кылат. Эгерде шайлоонун бүтүндөй жыйынтыгы жокко чыгарыла турган болсо "Эмгек" партиясын кайра шайлоого катыштырбоо керек", - деп жазган Түлеев.
Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-апрель күнү өттү. Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала маалыматы боюнча Бишкек шаардык кеңешине жалпы 419 миң 901 шайлоочу катышып, азырынча 6 партия 7 пайыздык чектен өттү. Алар:
"Эмгек" - 13,87 пайыз;
"Ак Бата" - 12,15 пайыз;
КЭДП - 10,70 пайыз;
"Ата-Журт Кыргызстан" - 9,63 пайыз;
"Ынтымак" - 8,34 пайыз;
"Биздин эл" - 7,73 пайыз.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter