У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мухаммедкалый Абылгазиев бюджетке өз ыктыяры менен сунушталган сумманы төгүүдөн баш тартты


 Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге карата мыйзамсыз баюу боюнча кылмыш иши боюнча бир дагы тергөө иш-чарасы жүргүзүлгөн жок. Бул тууралуу мурдагы премьер-министрдин жактоочусу Данияр Эркимбаев маалымат каражаттарына билдирди.
 
«Бул иште бир дагы тергөө иш-чарасы жүргүзүлгөн жок. Иште эч кандай зыян аныкталган жок. Менин кардарымдын айтымында, ага өз ыктыяры менен бюджетке белгилүү бир сумманы төгүү сунушу берилген. Бирок, бул мыйзамсыз, анткени келишим кылмыш иши менен эч кандай байланыштуу эмес”, - деди Данияр Эркимбаев.
 
Эске сала кетсек, мурдагы премьер-министр мыйзамсыз баюу боюнча айыпталууда. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter