Бишкек шаардык соту Мухаммедкалый Абылгазиевди камакта калтырды
- 15.02.2021, 10:16,
- Саясат / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бүгүн, 15-февралда Бишкек шаардык соту мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди камакта калтыруу чечимин чыгарды. Бул тууралуу анын жактоочусу Данияр Эркимбаев маалымат каражаттарына билдирди.
Эске сала кетсек, мурдагы премьер-министр мыйзамсыз баюу боюнча айыпталууда. Мындан тышкары, Абылгазиев премьер-министр болуп турганда, «Кумтөр Голд Компани» ЖАКка геологиялык чалгындоо жана алтын казуу үчүн 16 гектар жерди берүүгө макулдашкан буйрукка кол койгон.