Кубанычбек Жумалиев ооруканадан УКМКнын тергөө абагына кайтты
- 29.03.2021, 17:36,
- Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+

Коррупцияга шектелип кармалган депутат Кубанычбек Жумалиев жеке клиникадан УКМКнын СИЗОсуна кайтарылды. Бул тууралуу мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.
«Бикард» клиникасында дарыланууга жаткырылган Кубанычбек Жумалиев ден соолугу калыбына келгенден УКМКнын тергөө абагына кайтып келгени такталды.
Абактагы Жумалиевге жүрөк-кан тамыр оорусунун диагнозу коюлуп, ал «Бикард» клиникасына жаткырылган маалымдалган.