У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кубанычбек Жумалиевге козголгон кылмыш ишин жабуу үчүн пара талап кылган чиновниктин жардамчысы кармалды


Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын таасирдүү чиновниктин жардамчысы кармалды. Ал белгилүү чиновниктен козгогон кылмыш ишин жабуу үчүн пара талап кылган. Бул тууралуу маалымат каражаттары жазып чыкты. 

Маалыматка ылайык, 20-декабрда Бишкектин Биринчи май РИИБисинин кызматкерлери депутат Кубанычбек Жумалиевге финпол тарабынан козголгон кылмыш ишин жабуу үчүн 160 миӊ доллар пара талап кылып, анын 2000 долларын алып жаткан жеринен кармалган. 

Жогорку Кеӊештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин жактоочусу Бактыбек Жумашев маалыматы растап, бирок тергөө иштерине байланыштуу бул боюнча толук маалымат бере албай турганын билдирген. 

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтынын басма сөз катчысы Анастасия Пискур финполдун Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевден акча талап кылгандарга тиешеси жок экенин маалымат каражаттарына билдирди.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter