У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Коронавирус жүрөк кан-тамыр ооруларын күчөтөт

Коронавирус жүрөк кан-тамыр ооруларын күчөтөт жана аны дарылоо көпкө созулат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы кардиологу Акпай Сарыбаев билдирди. 
 
Коронавирус менен ооруп, айыккан жүрөк кан- тамыр оорулары бар бейтаптар үчүн төмөнкүлөр сунушталат:
- Ооруканадан чыккандан кийин бейтаптар 14 күнгө чейин изоляцияда болушат;
 
 -Изоляция учурунда кайра калыбына келүү программасын аткаруусу сунушталат жана изоляция маалы бүткөндөн кийин, атайын реабилитациялоо борборлоруна барууга мүмкүн;
 
-Үй шартында толук туура тамактануу зарыл: жашылча-жемиштерди көп колдонуу жана тузду аз колдонуу сунушталат, ошондой эле суюктукту чектөө зарыл бир күндө 1 - 1,5 литр ичүүгө болот, эгерде дене табы көтөрүлсө 2 литрге чейин көбөйтүүгө болот;
 
 - Сөзсүз түрдө дем алуу гимнастикасын жасоо. 
 
- Ооруканадан чыгып баратканда физикалык активдүүлүк менен канчалык деңгээлде машыгууга мүмкүн экенин билип алуу зарыл. Эгерде дене табы 37,5 - 38 ге көтөрүлсө, жүрөктүн согушу 100дөн ашса, дем алуусу бир мүнөттө 30дан ашса жана сатурациясы 93%дан жогору болсо, физикалык активдүүлүк сунушталбайт.
 
-  Дарыгер тарабынан жазылып берилген дарыларды ичүү маанилүү, бирок кан басымы түшүп же башка дагы өзгөрүүлөр болсо, дарыгерге кайрылууга керек.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter