У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


БШК 15 млн. сомго жеке коргонуучу каражаттарды сатып алат. Тендер жарыяланды


 Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссия жеке коргонуучу каражаттарды сатып алуу үчүн тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында жайгашылды. 
 
Маалыматка ылайык, тендердин жалпы суммасы 15 млн 41 миң сомду түзөт. Тендерге катышуу үчүн арыз берүүнүн акыркы күнү 30-март. Бөлүнгөн каражатка төмөнкүлөр сатылып алынат: 
 
1 млн 170 миӊ сомго -сантиайзер, 3 млн сомго-бет кап, 1 млн 585 миӊ сомго -респиратор, 1 млн 806 миӊ сомго-кол кап, 4 млн 950 миӊ сомго- аймактагы шайлоо комиссиянын мүчөлөрүнө комбинезондор, 1 млн 680 миӊ сомго шайлоочулар үчүн спирт кошулган кол аарчылар сатып алынат. 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter